Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
1 Ноябрь 2024 ж. 11:14
Көрүлдү: 469
30-октябрда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу «Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмуну жана эмгек рыногунун заманбап талаптары» деген темадагы семинарга катышты.
Семинар жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучуларынын жана окуу-методикалык бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууга багытталган. Семинарда окуу иштери боюнча проректорлор, окуу-методикалык бирикмелердин төрагалары, педагогикалык факультеттердин декандары, педагогикалык багыттардагы кафедралардын башчылары, ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары мамлекеттик билим берүү стандарттарын, билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык эркиндикти өнүктүрүү маселелерин жана билим берүү мейкиндигиндеги кызматташтыкты талкуулашты.
Министрдин орун басары мамлекеттик билим берүү стандарттары билим берүүнү экономиканын муктаждыктары менен интеграциялоого өбөлгө түзөрүн, ал эми тармактык стандарттар билим берүү программаларын өндүрүштүн айрым секторлорунун спецификасына ыңгайлаштырууга жардам берет. Расул Абазбек уулу билим берүү системасына заманбап ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Семинарда министрликтин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, Кыргыз билим академиясынын президенти Назира Дюшеева жана Адам университетинин ректору Светлана Сирмбард презентация жасашты.
Семинар Билим берүү жана илим министрлиги жана Эразмус+ Кыргыз Республикасындагы улуттук кеңсеси тарабынан уюштурулду.