Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Октябрь 2024 ж. 20:07
Көрүлдү: 1351
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте чоң масштабдагы STEM-сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасын баштады.
2024-жылдын 9-октябрынан тартып 3 536 мугалим окутуунун инновациялык методдорун киргизүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган интенсивдүү курстардан өтүштү. Мугалимдер окутуунун алдыңкы эл аралык методикалары жана практикалары менен таанышууда.
Жаңы билимдерди практика жүзүндө колдонууга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө: бул мезгилде улуттук мастер-тренерлер 2 550дөн ашуун сабакка катышып, мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүштү жана окуу процессине жаңы методикаларды натыйжалуу киргизүүгө жардам беришти.
Инновациялар өлкөнүн булуң-бурчуна жетүүдө
Мастер-тренерлер Кыргызстандын эң алыскы аймактарына сапар тартып, тоолуу жана шарты катаал райондордогу мектептерге барып, бардык окуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап жатышат. Ар бир мугалим тренерлерден материалды бир кыйла натыйжалуу өздөштүрүүгө өбөлгө түзө турган жекече колдоолорду жана сунуштарды алып жатат.
Окуучуга көңүл буруу – ийгиликтин ачкычы
Программа беш этап (тартуу, изилдөө, түшүндүрүү, тереңдетүү жана баалоо) аркылуу окуучуларды активдүү тарткан 5E методикасына негизделген. Мугалимдер мектеп окуучуларынын STEM-сабактарга кызыгуусун арттыруу, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдүүлүгүн жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөндү окуп-үйрөнүп жатышат. Дүйнөлүк стандарттарга багытталган жаңы методика окуучунун ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, аны окуу процессинин борборуна коёт.
Мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Программанын экинчи этабы 2024-жылдын 4-ноябрында башталат. Курс бүткүчө өлкөдөгү 15 885 STEM-мугалимди окутуу пландалууда.