Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Октябрь 2024 ж. 13:40
Көрүлдү: 501
28-октябрда министрдин орун басары Муратбек Касымалиев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Константин Селенти профессор А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологияр улуттук мектеп-лицейинде күн панелдерин тааныштыруу иш-чарасына катышты.
Күн панелдери энергияны иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Алар климат үчүн энергияны зыянсыз колдонуунун мисалы жана ресурстарды үнөмдөөчү жашоо образына стимул болот.
Мектепте күн батареяларын орнотууну Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Чет жактагы мектеп башкы башкармалыгы жана Гёте атындагы Институт “Борбордук Азиянын жана Түштүк Кавказдын күнөстүү мектептери жана күнөстүү университеттери” долбоорунун алкагында колдоп беришкен.