СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУТУУЧУЛАРГА ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ТУУРАЛУУ ДАРС ОКУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Октябрь 2024 ж. 14:50

Көрүлдү: 542

28-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Жаштардын интернет аркылуу радикалдашуусу жана тыюу салынган уюмдар тарабынан азгырылышы”, “Билим берүү чөйрөсүндөгү деструктивдүү таасирин алдын алуу” деген темаларда дарстарды уюштурду.

post.title

Дарсчылар билим берүү чөйрөсүндөгү деструктивдүү таасирди алдын алуу, экстремизмге жана интернеттеги радикалдуу топторго каршы аракеттенүү, экстремисттик ишке тартуудан жана азгыруудан коргоо, маалыматтык коопсуздук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча мамлекеттик программалар тууралуу айтып беришти.

Студенттер үгүт максатындагы бурмаланган маалыматтан анык маалыматты кантип айырмалоо керектигин билип алышты жана эксперттерге суроолорду узатышты. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар