Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Октябрь 2024 ж. 16:43
Көрүлдү: 1985
27-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбекова, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри, «Qatar Charity» эл аралык кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы № 47 кесиптик лицейдин жаңы корпусунун ачылышына катышты.
«Qatar Charity» фондунун колдоосу менен лицейдин жаңы имараты курулуп, заманбап IT жабдуулар менен жабдылды. Курулуштун сметалык наркы жана жабдылышы 19 млн сомду түздү. Фонд Нарындагы кесиптик лицейдин инфраструктурасын жакшыртууга да 27 млн сом бөлүүнү пландап жатат.
Министр Д. Кендирбаева өлкөдөгү башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү «Qatar Charity» фондунун салымын өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ал: “Кесиптик лицейлердин инфраструктурасын, жабдууларын жакшыртуу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртабыз”, – деп баса белгиледи.
Министр кесиптик лицейдин окуучулары менен окутуучуларына кайрылып: “Билим берүү экономиканын эң маанилүү ресурстарынын бирине айланып баратат, анын өнүгүшү Кыргыз Республикасынын ар бир жашоочусунун татыктуу жашоосунун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык прогрессинин фундаменти болот”, – деди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 168 млн сомго оңдолгон жана жабдылган 10 кесиптик лицейди, Республикалык илимий-методикалык борборду, Көз карандысыз сертификация жана валидация борборун тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлгөн.