БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ УЛУТТУК ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Октябрь 2024 ж. 19:03

Көрүлдү: 1444

25-октябрда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Келечек жөнүндө ойлонуп: Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында инклюзивдик көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү” темасында улуттук форум өткөрүлдү. Форумда 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү программасын мерчемдөө тууралуу пикирлер жана сунуштар талкууланды.

post.title

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсесинин директору Марек Щигель форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасап, мектептерде балдарга эне тили менен кошо чет тил жакшы окутулуп жатканын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин бул иш-аракеттери замандын талаптарына ылайык келерин белгиледи. 
Форум көп тилдүү билим берүү тууралуу позицияларды билдирүүгө, сунуштарды берүүгө жана талкуулоого арналган. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар