Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Октябрь 2024 ж. 17:50
Көрүлдү: 1784
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-октябрда, борбордогу № 67 мектепте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жана “Манас” эпосу” темасында ачык сабак өттү.
Zoom платформасы аркылуу өткөн сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, № 67 мектептин директору Нургүл Жумалиева жана мектептин мугалимдери, ошондой эле 100 мектептин окуучулары катышты.
Сабактын максаты билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жана “Манас” эпосу жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата балдардын жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.
Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы Кыргызстандын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын салымын өзгөчө белгиледи.
“1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин азыркы биз билген өзбек, тажик, казак, түркмөн, каракалпак жана башка боордош элдердин баары Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын курамында болгон. Ошол жылдардан баштап биздин Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушун демилгелеп, ар кандай аракеттерди көрүп, РСФСРдин жетекчилигине “кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан”, – деди мамлекеттик катчы.
Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, аталарыбыз ошол кезде болгону 20-30 жашта эле болгон. Мына ушундай жапжаш курактарында өзүнчө мамлекет кылып түзүп чыгуу үчүн алар эмне деген гана катаал кырдаалдарды, оор сыноолорду баштарынан өткөрүшкөн жок. Алардын мындай демилгесин улутчул деп баалап, бийликке каршы чыгышат деп коркунучтуу душман катары жаманатты кылып көрсөтүп, жалган жалааларды жабышкан. Ошентип, автономиялуу облустун түзүлүшү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы алгачкы кадам болгон. Ошондуктан биз азыркы эгемендигибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү баалап-барктап, ушул көз карандысыз мамлекетибиздин түптөөчүлөрү болгон аталарыбызды аздектеп, сыйлап, ар дайым алардын аттарын даңазалап турушубуз керек.
Жыйынтыгында мамлекеттик катчы дүйнө жүзүндөгү билимдүү жаштардын ийгиликтерин белгилеп, билимдүү адамдардын доору келе жатканын айтты. Ошондуктан билим алууга, өз жөндөмүн өркүндөтүүгө жана жаңы билимге умтулуу, жөн гана кыялдарды ишке ашыруу эмес, коомго жана өлкөгө салым кошуу маанилүү. Билим берүү – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана келечектеги ийгиликтердин ачкычы.