Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Октябрь 2024 ж. 13:42
Көрүлдү: 1394
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы Батыраалы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган форумга катышууда.
Форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Д. Кендирбаева Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин артыкчылыктарын, социалдык талаптарга ылайык жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн белгиледи.
Ошондой эле министр аталган университеттин бир нече окутуучусуна Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарын тапшырды.
Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, чет өлкөлүк өнөктөштөр да оффлайн жана онлайн форматтарда катышып жатышат.
Коноктор окуу жайдын тарыхы тууралуу тасманы, факультеттердин ишмердүүлүгү тууралуу көргөзмөнү көрө алышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-июлундагы № 505 токтомунун негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи түзүлгөн, ал 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетине айланган. Университетте 5 факультет, 3 колледж жана кесиптик лицей иштейт. Окуу жайда 16 500 студент окуйт.