МИНИСТР КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Октябрь 2024 ж. 12:52

Көрүлдү: 425

24-октябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангджэ менен болгон жолугушууда кызматташуу, академиялык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

post.title

Жолугушууда өзгөчө көңүл студенттик жана академиялык алмашуулар үчүн ЖОЖдорду интеграциялоо, такшалмаларды уюштуруу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу темасына бурулду.

Элчи биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү ниетин тастыкташты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар