2024-ЖЫЛЫ МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕ 1 МЛРД 276,6 МЛН СОМ КАРАЛГАН

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Октябрь 2024 ж. 15:59

Көрүлдү: 1013

21-октябрдан 23-октябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” деген темада семинар өткөрөт.

post.title

Семинар SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого багытталган.

Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова семинарда жасаган баяндамасында 2023-2024-окуу жылынын аягында 2 140 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте башталгыч класстардын 600 миңге жакын окуучусу ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди. Анын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 920 мектепке, ал эми Мерсико 900 мектепке колдоо көрсөтүп келет.

Белгилей кетсек, 2024-жылга бекитилген республикалык бюджетте мектеп окуучуларынын тамактануусуна 1 млрд 276,6 млн сом каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар