БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ КЕСИПКӨЙЛҮКТҮН ШАЙКЕШТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2024 ж. 16:22

Көрүлдү: 771

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин Бишкекте DARYA долбоорунун алкагында "Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификациялар чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу" темасында алдынкы эксперттердин жана кызыкдар тараптардын жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова катышты.

Иш-чаранын программасы Батыш Балкан өлкөлөрүнүн, Франциянын жана Латвиянын тажрыйбалары боюнча презентацияларды камтыды.

Жолугушууда Борбор Азиядагы экономикалык, саясий жана социалдык кызматташтык боюнча DARYA долбоорунун изилдөөсүнүн жыйынтыктары сунушталды. Изилдөө кесиптик көндүмдөрдүн жана квалификациялардын чөйрөсүндө тыгыз кызматташуунун зарылдыгын аныктады.

Келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кесиптик даярдоо стандарттарын шайкеш келтирүү боюнча жол карталарын даярдашат, бул экономикалык интеграцияга салым кошот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар