БАЛА БАКЧАЛАРГА ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДОО: 88 ТАЛАПКЕР БОСОГО УПАЙ ТОПТОЙ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2024 ж. 10:23

Көрүлдү: 1247

Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкан компьютердик тестирлөөдө 88 талапкер белгиленген 60 % босогодон өтүштү.

post.title

Сынакка катышуу үчүн 326 кишинин документтери катталган.

Документтердин экспертизасынын жыйынтыгы боюнча 207 киши тестирлөөгө катышууга уруксат алды.

Тестирлөөгө 198 талапкер катышкан. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар