ЭКСПЕРТТЕР  КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ВАЛИДАЦИЯЛОО ЖАНА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО БОРБОРУНА БАРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Октябрь 2024 ж. 17:25

Көрүлдү: 194

2024-жылдын 15-17-октябрында Бишкекте "Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификация жаатындагы Регионалдык кызматташуу" темасында региондор аралык семинар өтүүдө.

post.title

Семинардын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз валидациялоо жана сертификациялоо борбору менен таанышуу уюштурулду.

Борбор баалоо, сертификациялоо процессин гана жөнгө салбастан, кызыкдар тараптар (иш берүүчүлөр, бизнес-ассоциациялар, Соода-өнөр жай палатасы, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б.) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Көз карандысыз сертификациялоо жана валидация борборуна катышуучуларга валидация жүргүзүү боюнча болгон тажрыйба, алгачкы жыйынтыктар, иштелип чыккан методикалык жана нускамалык материалдар, ошондой эле борбордун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу үчүн экскурсия өткөрүлдү.

Борбордогу жолугушуу пикир алмашуу менен аяктап, коноктор долбоордун алкагында гана эмес, ишкер байланыштарды түзүү аркылуу кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча өз тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү.

Семинар DARYA Европа билим берүү фондусунун долбоорунун алкагында уюштурулган. Семинардын максаттары Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификациялар жаатында регионалдык кызматташтыктын ЖККУ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин негизинде иштелип чыккан сценарийлерин сунуштоо жана талкуулоо. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда, анын ичинде Кыргызстандагы улуттук/сектордук уюмдарга баруу жолу менен жана ЕБ өлкөлөрү (Франция, Латвия) менен өз ара окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү.

Семинардын катышуучулары - Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Балтия өлкөлөрүнүн, Франциянын өкүлдөрү.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар