МИНИСТРЛИКТЕ КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИЗАТТАРДЫН ЖАЙЫЛЫШЫНА ЖАНА КОЛДОНУЛУШУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Октябрь 2024 ж. 17:30

Көрүлдү: 66

Бүгүн, 2024-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) саламаттыкты сактоо боюнча аймактык кеңешчиси Милош Стоянович менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында баңгизаттардын жайылышына жана колдонулушуна каршы күрөшүү боюнча кызматташуунун негизги аспекттери талкууланды.

Муратбек Касымалиев БУУ БКБнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Милош Стоянович БУУ БКБнын аймактагы ишмердүүлүгүн тартуулап, Кыргызстанда ишке ашырууну сунуштап жаткан баңгизаттарга каршы күрөшүүнүн жаңы стандарттары менен тааныштырды.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасындагы баңгизаттар боюнча учурдагы кырдаалды жана Өзбекстанда БУУ БКБнын жаңы стандарттарын киргизүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын талкуулашты. БУУ БКБнын өкүлдөрү баңгизатка каршы күрөшүү боюнча усулдук материалдар мамлекеттик тилге которулуп, өлкөнүн окуу жайларында колдонууга даяр экенин билдиришти.

БУУ БКБ жакынкы аралыкта баңгизатка каршы программаны ишке ашырууга, анын ичинде окуу жайлары үчүн тренингдерди жана семинарларды өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Министрдин орун басары бул демилгелерди колдоп, БУУ БКБнын өкүлдөрүн министрликтин окуучуларды кабардар кылууга жана баңгизаттарды колдонууга каршы күрөшүүгө, анын ичинде жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор жана мектеп директорлору менен өз ара аракеттенүүгө багытталган учурдагы иш-аракеттери менен тааныштырды.

Министрлик БУУ БКБнын демилгелерин толук колдоорун жана сунушталган программаларды ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар