МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ РИТА КУЛЛБЕРГ АЛМЕЙДА МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Октябрь 2024 ж. 15:38

Көрүлдү: 83

Бүгүн, 2024-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Дүйнөлүк банктын өкүлү Рита Куллберг Альмейда менен жолугушуп, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулады.

post.title

Министр Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы адамдын капиталын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү системасын реформалоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда билим берүү демилгелерин колдоо үчүн Дүйнөлүк банктан жаңы грант алууга байланышкан маселелер талкууланды.

Ошондой эле узак мөөнөттүү билим берүү программаларын каржылоо үчүн Эл аралык трасттык фонд аркылуу каражат алуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоого басым жасалып, өзгөчө талкууга алынды. 

Дүйнөлүк банк санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасап, өзгөчө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселесинде билим берүүнү модернизациялоо боюнча демилгелерди колдоду.

Билим берүү процессинде санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген бул долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар