ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА №97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Октябрь 2024 ж. 12:34

Көрүлдү: 124

«АSTAUfest»-2024 V эл аралык гастрономия фестивалында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин окуучусу Айбике Батырканова 1-орунду, Давид Макарцев 2-орунду, Мирбек Абдилахатов, Максим Балаенко, Санжар Кудайбергенов 3-орунду, өндүрүштүк окутуун устаттары Гулшод Исакбаева жана Баалы Абыкаева – 2-орундарга ээ болушту.

post.title

№97 кесиптик лицейинин мүдүрү Альберт Колопов “Кыргыз Республикасынын гастрономия жана тейлөө тармагында профессионалдуу кадрларды даярдоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада фестивалдын алкагында уюштурулган илимий практикалык конференцияда баяндама жасады.

Фестивалдын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейи менен Астана шаарындагы Коомдук тамактануу жана тейлөө колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 8-10-октябрь күндөрү Астана шаарында өткөрүлгөн фестивалга Казакстан, Корея, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркиядан 95 тен ашуун өкүлдөрү катышкан. Индия, Казакстан жана Кыргызстандын эксперттери катышуучулардын көндөмдөрүн, жаңычыл, автордук рецепттерин жана тамактарын сынашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар