МИНИСТР ZTE КОРПОРАЦИЯСЫ МЕНЕН САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Октябрь 2024 ж. 16:02

Көрүлдү: 448

2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ZTE KYRGYZSTAN компаниясынын башкы директору Цао Хун, “Кыргызтелеком” ААКтын жетекчиси Нурлан Мадаминов менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Smart Education долбоорунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

ZTE өкүлдөрү кыргыз тарапты Монголиядагы санариптик билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышууга чакырды. 

Нурлан Мадаминов октябрь айынын аягына чейин мектептерде интернеттин ылдамдыгы 4 эсеге көбөйтүлүп, жайгашкан жерине карабастан бардык билим берүү мекемелеринде жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Бул өнөктөштүк өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен билим берүү тармагындагы санариптик ажырымды жоюуга багытталган.

ZTE компаниясы жөнүндө

ZTE корпорациясы –  телекоммуникациялык жабдууларды жана тармактык чечимдерди чыгарган дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания дүйнө жүзү боюнча ишканалар, мамлекеттик органдар менен кызматташып, коммуникация тармагында алдыңкы технологияларды, санариптештирүү жана интернет продукция менен камсыз кылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар