КЫРГЫЗ-ОРУС БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНДА 60ТАН АШУУН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАНА РОССИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕР СУНУШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Октябрь 2024 ж. 15:39

Көрүлдү: 368

Пресс-анонс

post.title

14-15-октябрда Бишкекте кыргыз-орус билим берүү форуму өтүп, анда Россиянын ЖОЖдорунун бет ачары, талкуулар жана мастер-класстар болот.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын университеттеринин жетекчилери, окумуштуулар ЖОЖдордун жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсүн, жаңы технологияларды киргизүүнү, жаштар ишкердигин илгерилетүүнү талкуулашат.

Форумда өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык жана медициналык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине бурулат. ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтө турган Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсүндө билим берүү программалары, адистикти тандоо тууралуу маалымат алууга болот. Россия кызматташтыгы ЖОЖдорго квота боюнча тапшыруу тууралуу кеңештерди берет. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Өкмөтү 2025-жылга карата 700 орун квота бөлдү.

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Россия кызматташтыгы” федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Форумдун программасы - https://uchebarf.kg сайтында.

Аккредитация үчүн контакт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы, Тагжана Айдаралиева, телефон: +996(312)623591

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар