САНАРИПТИК КЕСИПТЕРДЕ ТЕЗ АРАДА БАШТОО ДОЛБООРУНУН 30 КАТЫШУУЧУСУ ФИНАЛИСТ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Октябрь 2024 ж. 13:56

Көрүлдү: 471

11-октябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “ITдеги кыздар” долбоорунун финалисттерин сыйлоо аземине катышты.

post.title

Пилоттук долбоор үчүн республиканын облустарындагы кесиптик лицейлерден 30 кыз тандалып алынган. Окутуу “Wildberries” компаниясынын арт-директору Дмитрий Матвеевдин жетекчилиги алдында 2,5 ай дизайн, кадрлар\HR жаатындагы эксперттердин катышуусу менен өткөрүлдү.

Долбоордун катышуучулары жыйынтыктоочу иштерин ийгиликтүү аяктаган соң сертификаттарды, ноутбуктарды жана баалуу сыйлыктарды алышты.

“Бул долбоор Кыргызстандын креативдүү тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, көптөгөн таланттуу жаштардын дараметин ачууга жардам берет деп ишенебиз”, - деди Расул Абазбек уулу.

Ошондой эле долбоорду “Эне-балага тирек” коомдук фонду жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы да колдоду. Фонддун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова “Биз мындай долбоорлорду колдоого жана өнүктүрүүгө дайым даярбыз”, - деп убадалады.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар