КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТ КЫЗДАР ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Октябрь 2024 ж. 11:56

Көрүлдү: 499

Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин магистратура программасынын II курсунун студенти Сезим Кубанычбекова Финансылык коопсуздук боюнча IV эл аралык олимпиадада “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча I орунду жана КРСУнун экономика факультетинин IV курсунун студенти Айназик Мамаева “Экономика” багыты боюнча женүүчү болушту. Алар I даражадагы диплом менен сыйланышты.

post.title

Олимпиада 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Россия Федерациясынын “Сириус” федералдык аймагында өткөрүлдү.

Финалга 36 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу чыгып, анын ичинен 166 окуучу жана студент жеңүүчү аталып, байгелүү орундарга ээ болду.

Олимпиаданын жабылыш аземинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн орун басары Дмитрий Чернышенко катышуучуларды “Өз өлкөлөрүнүн каржылык эгемендиги үчүн күрөшүүнү жана бардык мамлекеттер дос болууну каалаган эң кесипкөй, таланттуу, максаттуу жаштар” деп мүнөздөдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар