ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ERASMUS+ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Октябрь 2024 ж. 10:17

Көрүлдү: 498

7-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын жетекчилери Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын менеджери Мария-Сол Домингес Паррадо менен жолугушууда долбоорлордун ишке ашырылышы жана алардын Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү системасынын өнүктүрүүгө тийгизген таасирин талкуулашты.

post.title

Домингес Паррадо Эразмус+ программасы академиялык мобилдүүлүккө, университеттердин эл аралык аброюн жогорулатууга жана билим берүү программаларынын сапатын жакшыртууга көмөктөшө тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында кызматташуунун келечектүү багыттарын аныкташты.

Сайт: https://erasmus-plus.ec.europa.eu/

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар