МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДООНУН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО ПЛАТФОРМАСЫ АПРОБАЦИЯДАН ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2024 ж. 18:27

Көрүлдү: 544

9-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун алкагында тесттик тапшырмаларды жана баалоо платформасын апробациялоо ѳткѳрүлдү.

post.title

Апробациялоонун жыйынтыгында 20 катышуучунун 30% ы босого упай 60% дан жогору алса, 40%ы  50-59% га чейин жыйынтык көрсөтүп, калган 30% катышуучу 38-49 % чейинки упайларды топтоду.

Бул тестирлөөнү өткөрүүнүн максаты – тесттик тапшырмалардын жана баалоо платформасынын ишенимдүүлүктөрүн аныктоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону бекитүү тууралуу 2024-жылдын 28-майындагы №273 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору белгиленген тартипте конкурсту уюштурууну жана ѳткѳрүүнү камсыз кылышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар