МИНИСТРЛИК “МЕКТЕПТЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ” АМС ПРОГРАММАСЫН ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТКӨРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2024 ж. 15:16

Көрүлдү: 556

9-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинде “Мектептердин инфраструктурасы” автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) программасын тестирлөөнү баштады.

post.title

Бул программа өлкөнүн билим берүү системасын модернизациялоого багытталган министрликтин кезектеги санарип продуктусу. Министрлик ар бир окуучу үчүн билим берүүнүн сапатын жана билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча санариптештирүү жаатындагы активдүү иштерди улантат.

Программанын максаттары жана милдеттери:

Программа мектеп инфраструктурасы боюнча маалыматтарды чогултууга, сактоого жана анализдөөгө багытталган. Бул мектеп мүлкүнүн эсебин жакшыртууга, ресурстарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана аларды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, система маалыматтардын кайталанышын жоюуга жардам берип, адам ресурстарын жана убакытты үнөмдөөгө алып келет.

Программа чечкен көйгөйлөр жана милдеттер: 

“Мектептин инфраструктурасы” АМС программасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- мектеп мүлкүнүн эсебин жакшыртуу;

- ресурстардын пайдаланылышына АЧЫК-айкындуулукту жана көзөмөлдү жогорулатуу;

- мектептин керектөөлөрүн так талдоо, болжолдоо жана пландаштырууну камсыз кылуу;

- маалыматтардын кайталанышын жоюу;

- маалыматтарды башкарууга кеткен убакытты жана ресурстарды кыскартуу.

Программанын артыкчылыктары: 

- коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;

- ресурстарды так көзөмөлдөө жана эсепке алуу;

- финансылык ресурстарды муктаждык көбүрөөк болгон мектептерге берүү.

Кандай маалыматтар сакталат: 

Система мектептердин имараттары, класстык жабдуулары, аянттары, жабдуулары, компьютерлери жана башка ресурстар сыяктуу структуралык элементтери жөнүндө маалыматты сактайт.

Маалыматтарды жаңыртуу жана маалымат базасын башкаруу: 

Мектептер тарабынан маалыматтар жыл сайын жана зарыл болгон учурда, мисалы, форс-мажордук жагдайларда (сел, жер титирөө ж.б.) жаңыланып турат. Мындай кырдаалдарда мектеп көйгөйдү системага тез арада каттап, тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Өлкө боюнча мектептердин инфраструктурасын санариптештирүү:

№62 мектеп-гимназиясында программаны тестирлөө – бул Кыргызстан боюнча мектептердин инфраструктурасын санариптештирүүнүн алгачкы кадамы. Кийинки этап – программаны 100 мектепке киргизүү, андан кийин өлкөнүн бардык мектептерин камтуу. 2024-жылдын аягына чейин программа Кыргызстандын ар бир мектебинде толук ишке киргизилет.

Иштеп чыгуучу жана техникалык колдоо - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар