14-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН НОУТБУКТУН БААСЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА СУНУШТАР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2024 ж. 12:41

Көрүлдү: 576

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландаштырууда.

post.title

Ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон жеткирүү мөөнөтүн көрсөтүү менен техникалык спецификацияларга ылайык коммерциялык сунуштарды берүүнү өтүнөбүз.

Сунуштар 2024-жылдын 14-октябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кеч берилбеши керек.

Сунуштар электрондук түрдө edu@mail.gov.kg дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/450/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар