МИНИСТР МЕНЕН БУУ ФАОнун ӨКҮЛҮ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕНИ КАЛЫПТАНДЫРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2024 ж. 10:29

Көрүлдү: 547

8-октябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Олег Гучгельдыев башында турган кызматкерлери биргелешип иштөөнүн багыттарын талкуулашты.

post.title

Тараптар айыл чарба адистерин даярдоону колдоо, азык-түлүк коопсуздугу жана сууну туруктуу пайдалануу темаларын окуу программаларына интеграциялоо, окуучулардын жашыл көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

“Биздин билим берүү система өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлаша алган, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чече алган, экология, климаттык тобокелдиктер, жашыл экономика маселелери боюнча сабаттуу, STEM көндүмдөрүнө ээ адамды даярдашы керек”, - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Министр билим берүү программаларын талкуулоо үчүн ЖОЖдор менен жолугушууларды уюштурууну сунуштады. FAO өкүлдөрү окуу материалдары жана усулдук колдонмолор менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар