НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРЛУГУ КЫЗМАТЫНА АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Октябрь 2024 ж. 11:24

Көрүлдү: 637

Билим берүү жана илим министрлиги С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

post.title

Сынактык тандоого 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 8-октябры.

Документтерди кабыл алуунун аякташы: 2024-жылдын 21-октябры, саат 18:00.

Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч. 257., КР Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет .

Сурап билүү телефону: 0312 66-47-19, (КР Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Мадина Касымова)

Толук маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/449/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар