ДИСЦИПЛИНАЛАР АРАЛЫК ДИАЛОГ: ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Октябрь 2024 ж. 16:52

Көрүлдү: 409

Бүгүн, 4-сентябрда, Ош шаарында Кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгына арналган “Дисциплиналар аралык диалог: өнүгүүнүн жаңы горизонттору” аттуу эл аралык форум өттү.

post.title

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын куттуктоо сөзүн министрликтин өкүлү окуп берди. 

Куттуктоодо “Кара кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен жолго коюлган негизги тармак - билим берүү, агартуу болгон. Бүгүн кыргыз билим берүүсүнө да 100 жыл толду. Ага чейин да адистештирилген окуу мекемелери болуп, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын карлыгачтары билим алып келген менен, милдеттүү жана акысыз билим берүү системасын жолго коюу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнүн жаңы бир доору башталган”,  – деп жазылган жана бүгүн ЖОЖдор эл аралык рынокко туруштук берчү кесипкөй адистерди тарбиялоодогу орду белгиленген.

Ош технологиялык университетинин ректору, техника илимдеринин кандидаты Жанболот Турсунбаев эгемендүү Кыргызстан  бүгүн экономиканын ар тараптуу өнүгүүсүнүн жаны доорун жашап жаткандыгын белгиледи.

“Биз заманбап архитектуралык имараттарды курууга дараметтүү, ички жана ири мамлекеттеги жол курулуштары менен машина куруу индустриясын жолго койчу адистерди тарбиялоо - Ош ТУнун мекен алдындагы милдети“, – деди ректор.

Форумга РФ, Өзбекстан, Индия,  Казакстан, Австрия , Корея мамлекеттеринен илимпоздор онлайн жана оффлайн катышып, пленардык жыйындарда баяндама жасашты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 60 жылдык мааракесине карата окуу жай өз каражатына Кыргызстанда окуу жайлардын арасында 1-болуп кичи ГЭС курган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар