УЛУУ ОЙЧУЛ МАКТЫМКУЛУ ФРАГИНИН 300 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Октябрь 2024 ж. 18:20

Көрүлдү: 913

Бүгүн, 3-октябрда, И. Арабаев атындагы КМУда Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу,  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев катышты.

Илимий конференцияда катышуучулар Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин чыгармаларынын кыргыз адабиятына тийгизген таасири, чыгыш философиясынын акындын чыгармаларындагы орду жана анын замандаш акындары менен байланышы тууралуу баяндамалар жасады.

Иш-чара акындын ырларынан үзүндүлөр жана музыкалык чыгармалар менен коштолду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар