Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
3 Октябрь 2024 ж. 10:54
Көрүлдү: 279
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткан “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” жана “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” сынагынын бүгүн 3-күнү.
Сынактын биринчи, экинчи турунда конкурсанттар ар кандай сыноолордон өтүп, 128 мугалимдин арасынан 21 катышуучу 3-турда ат салышып жатат.
3-турда конкурсанттар сабак өтүү боюнча сыналышат. Мугалим сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана
Талдоодо, окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт.
Мында максималдуу 60 балл алуу керек.
Ал эми “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” сынагына республика боюнча 28 тарбиячы катышууда. Конкурсанттар тест тапшырып, кесиптик ишинин тажрыйбасын баяндоо, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентацияны сунушташты. Бүгүн болсо санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүүдө.
Тарбиячылар менен мамлекеттик тил мугалимдери сынагы Бишкек шаарындагы №182 бала бакчада, ал эми музыкалык жетекчилер жана усулчулардын сынагы №25 бала бакчада өтүп жатат.
Эскерте кетсек, сынак 4-октябрга чейин уланат. 5-октябрда биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.
Конкурстун максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.