КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАНА ВАЛИДАЦИЯЛОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Октябрь 2024 ж. 15:53

Көрүлдү: 1050

Бүгүн, 2-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

post.title

Иш-чарага  билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев, Азия өнүктүрүү банкынын директору Жэң Ву, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, өнөктөштөр жана лицейлердин директорлору катышты. 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Валидациялоо жана сертификациялоо борбору эч кандай билим албай туруп,  өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, алардын эмгек рыногунда ордун табышына чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.  

Статистикага ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 2 млн 700 миң экономикалык жактан активдүү жаран бар болсо, тилекке каршы, алардын 44% гана формалдуу профессионалдык билимге ээ. Бул маселени чечүү жолдорунун бири – Көз карандысыз сертификация жана валидация процедурасынан өткөрүү болуп эсептелинет. 

Бул программанын ишке ашышына жакындан жардам берген негизги өнөктөшү Азия өнүктүрүү банкы. Анын директору Жэң Ву экономиканын өсүшү менен адистерге болгон талап дагы өсүп жатканын белгилеп, бул борбордун ачылышы заман талабына шайкеш келүүдө деди.

“Бул жаатта министрлик жасап жаткан иштер жакшы ийгиликтерге жетти. Кесиптик билим берүүнүн сапаты өстү.  Программанын алкагында 34 лицей, 7500дөн ашык окуучу окуп, 1500 мугалим чеберчилигин жогорулатты”, – деди директор. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы №431 токтомунун негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлгөн. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар