ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Октябрь 2024 ж. 17:31

Көрүлдү: 312

Бүгүн, 1-октябрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграссты кабыл алды.

post.title

Жолугушууда Хеба Хаграсс инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө көңүл бура турган приоритеттүү багыттар боюнча сөз кылып, министрлик менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Муратбек Касымалиев министрлик тарабынан учурда бул тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыга койгон пландар боюнча кененирээк маалымат берип, Хеба Хаграсска ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар