ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АР БИР КАТЫШКАН МЕКТЕП ЖЕҢҮҮЧҮ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Октябрь 2024 ж. 13:22

Көрүлдү: 1138

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү  уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.

post.title

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

- Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Тандоого республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты. Сиздерди бүткүл Кыргызстан тандады. Алардын ичинде силердин окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, силердин команда бар. Мен үчүн ар бир мектеп жеңүүчү”, – деди Д.Кендирбаева.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын өнүгүүсүнө кайдыгер болбогон жана салым кошууга умтулган чыгаан уулдарды жана жарандарды “Өз мектебиңди колдо!”/”Поддержи свою школу!” хештеги менен челленджге катышууга чакырган.

Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти таңдоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафонуна катышкан демөөрчүлөр да кур кол келбей, аттарын атагылары келбеген демөөрчүлөр Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Сары-Челек аймагына караштуу №5 Асанбек Капаев атындагы мектепке бирөө 600 000 сом, экинчи демөөрчү 200 000 сомдук сертификат сыйлыктарын беришсе, эстрада ырчылары да өздөрү окуган мектептерге чакан белектерин тапшырышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар