ФОРУМ: КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН РОЛУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Октябрь 2024 ж. 11:40

Көрүлдү: 1109

Учурда Ж. Баласагын атындагы КУУнун чоң залында кыргыз билим берүү системасынын 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилибиздин 35 жылдыгына арналган «Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу» аттуу форум өтүп жатат.

post.title

Форумда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап, көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук “кыргыз жаранын” калыптандыруудагы негизги аспектилердин бири. Тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү сактоо менен өлкөбүздөгү улуттар арасындагы биримдикти жана ынтымакты камсыз кыла алабыз. Ал эми мамлекеттик тилди билүү өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн маанилүү жана милдеттүү деп билдирди.

Министр көп тилдүү билим берүү программасы эки багытта, предметти жана тилди интеграциялап окутуу аркылуу экинчи тилди окутуунун сапатын жакшыртуу аркылуу ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

– Быйыл өлкөнүн 4 жогорку окуу жайында биринчи жолу көп тилдүү негизде табигый жана физика-математикалык багыттагы студенттерди даярдоо программалары ишке киргизилүүдө. Бул багыт бизге 5 жылдын ичинде STEM багытындагы бир катар мектеп предметтерин англис тилинде окуп баштоого мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз, – деди министр.

Форумга илимпоздор, агартуучулар, эксперттер катышууда. Катышуучулар “Орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбалар”, “Химия предметин англис тилинде окутуу тажрыйбасы”, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары”, “Көп тилдүү билим берүү шартында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу” темасында мастер-класстарга кирип, тажрыйба топтойт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар