БҮГҮН БИШКЕКТЕ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Октябрь 2024 ж. 10:51

Көрүлдү: 1143

Ачылыш салтанатына билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышып, ардактуу кесип ээлерин майрамы менен куттуктады.

post.title

“Мугалим эң жөнөкөй, бирок сыймыктуу, түйшүктүү жана эң жоопкерчиликтүү кесип. Биз сиздерди ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү деп билебиз. Азыркы мезгилде билим албаган бир да атуул жок эмеспи. Албетте, коом өзгөрдү; илимий-технология өнүктү. Бирок эч кандай инновация педагогдун талантын, мээримин, чыгармачылыгын алмаштыра албайт”, – деп, мугалимдердин талыкпаган эмгегинин арты менен окуучулар эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетип, намысты коргоп жатканын баса белгиледи.

Ал акыркы убакта мугалимдик кесиптин аброюн колдоп, социалдык статусун жогорулатуу максатында жаңы долбоорлор, программалар ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү иш-чара алардын бири деп, ар бир катышуучуга ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Конкурстун максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар