ПРЕСС-АНОНС: ОКТЯБРДА «ЕВРАЗИЯНЫ ТААНЫ. КЫРГЫЗСТАН» ДОЛБООРУ БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Сентябрь 2024 ж. 15:45

Көрүлдү: 364

30-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору боюнча пресс-конференция өткөрөт.

post.title

Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин жаштары, адистештирилген жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, студенттер, информациялык технология, өндүрүштүк технология жана биомедицина тармактарындагы жаш адистер бул долбоорго катыша алат. 

«Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму билим берүү программасын кеңейтип, “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоорун ишке ашырууда.  Буга чейин “Россияны тааны!” программасынын алкагында Кыргызстандан 200гө жакын катышуучу Россия Федерациясына барган.

Долбоор Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын салттуу руханий баалуулуктар аркылуу бириктирүүгө багытталган.

Ушул эле күнү саат 12.00до Т. Усубалиев атындагы аянтта (Т.Абдымомунов көчөсү 205) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаровдун, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиевдин, билим берүү министри Д. Кендирбаеванын, РФнын Мамдуманын депутаты, «Евразия» уюмунун төрагасы Аршинова Алена, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Иманов Талантбектин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаеванын, саясат таануучу, эксперт Молдокеева Алинанын, Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Өмүрканованын жана “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы 50 мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда 50 автобус тапшырылган болчу. Жалпы Кыргызстанга 100 автобус өткөрүлөт.

Башталышы: 10:00 пресс-конференция, 12.00 автобустарды тапшыруу аземи, 30-сентябрь, 2024-жыл
Өтүүчү жер: «Кабар» агенттиги, Бишкек шаары, Ж. Абдрахманова көчөсү, 175.
Аккредитациядан өтүү үчүн 0554 44 55 66 Гүлмира Үметалиевага кайрылыңыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар