КОНФЕРЕНЦИЯ: “ЭКОНОМИКАЛЫК ОЙДУН ӨНҮГҮҮСҮ: ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Сентябрь 2024 ж. 12:32

Көрүлдү: 280

26-сентябрда Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

post.title

Конференцияга билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев катышты.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине  арналды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун алдыңкы окумуштууларын, эксперттерин, окутуучуларын жана ректорлорун бириктирди.

Пленардык отурумдардын жана панелдик дискуссиялардын жүрүшүндө билим берүүдөгү жана илимдеги интеграциялык процесстер, экономикалык өнүгүүдөгү билим берүүнүн ролу жана санариптик трансформация шарттарындагы экономикалык коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер каралды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар