МИНИСТР ЖАМУнун ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ЖАНА БАЛА БАКЧАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Сентябрь 2024 ж. 14:58

Көрүлдү: 1381

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы имараты жана окуу жайдын алдындагы бала бакчасында болду.

post.title

Жаңы имарат университеттин атайын каражатынын эсебинен курулуп, окуу имаратына 162 миллиондон, административдик имаратына 130 миллиондон ашык каражат сарпталды. Бул имараттар заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылды. 
Ошондой эле министр ЖАМУнун студенттеринин робототехника боюнча иштерине күбө болуп, окуу жайдын алдындагы бала бакчасы менен таанышты. 130 балага ылайыкталган бакчада 60 бала тарбияланат.  
Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугуп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, адистерди даярдоо, билим берүү системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар