Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Сентябрь 2024 ж. 14:39
Көрүлдү: 425
"Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын астрономдору OWAO олимпиадасына катышып, атайын сыйлыкка ээ болушту.
2024-жылдын 15-сентябрынан 22-сентябрына чейин Россия Федерациясынын «Сириус» федералдык аймагында үчүнчү Эл аралык астрономия олимпиадасына (OWAO) өткөн.
Анда Кыргызстандын атынан Билим берүүнүн отличниги Александра Шумейконун жетекчилиги астында “Созвездие” астрофизикалык клубунун студенттери: Исраилов Атай, Бекташова Айдеми, Рыбянов Егор, Нурбеков Нуртилек, Салиева Даана жана Ришат уулу Адил катышкан.
Олимпиаданын катышуучуларынын арасында Абхазия, Армения, Бангладеш, Беларусь Республикасы, Венесуэла, Египет, Иран, Зимбабве, Катар, Куба, Болгария, Кыргызстан, Монголия, Никарагуа, Пакистан, Перу, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Эфиопиядан келген окуучулар бар.