БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЧАТКАЛ РАЙОНУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Сентябрь 2024 ж. 18:55

Көрүлдү: 1028

Министр Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Чаткал районундагы С. Мырзалиев, Ж. Ташкеев, Кайың-Суу мектептеринин абалы менен таанышты.

post.title

Алгач министр курулуш иштери жүрүп жаткан С.Мырзалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине барып, заман талабына ылайык, окуучулардын шыктандыруусун ойгото тургандай жасалгалоо, актап-сырдоо иштери боюнча кеңештерин берди.

Аталган окуу жай республикалык бюджеттен бөлүнгөн 142 миллион сомдук долбоордун негизинде курулууда. Учурда окуу корпусунун 80% аяктап, ашкана жана спорт залдарында курулуш иштери жүрүүдө.

Андан соң Догдуркүл Кендирбаев А.Айымбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-классынын окуучуларына жаңы усулдардын элементтери менен сабак өтүп, мугалимдерге усулдук жардам көрсөттү. 

Ошондой эле 2008-жылы авариялык абалда деген корутунду чыгарылып, бирок ушул күнгө чейин окуучулар билим алып келген Ж.Ташкеев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектептин абалы менен таанышты.

Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинде болду.

Бул мектептин курулушуна 540 000 миллион сом сарпталып, жакынкы күндөрдө ишке берилүүсү күтүлөт.

Жолугушууда оптимизацияланган Б.Шерматов атындагы жалпы башталгыч билим берүүчү жана Т.Жаналиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине окуучуларды ташуу үчүн атайын автобус бөлүнөрү белгилүү болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар