МИНИСТР ОПТИМИЗАЦИЯЛАНГАН МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Сентябрь 2024 ж. 18:41

Көрүлдү: 1002

Бүгүн, 25-сентябрда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ала-Бука районундагы оптимизацияга туш болгон мектептерге барды.

post.title

КР Министрлер кабинетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндөгү” буйругуна  ылайык, мугалимдердин жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, №36 жана № 43 мектептин жетекчилери кыскартылды. Алар өздөрү эмгектенген мектепте мугалим катары ишин улантууда.

Эскерте кетсек, Ала-Бука районундагы М. Турсунбеков атындагы № 25 жалпы орто билим берүүчү мектепке  аймактагы жакын жайгашкан №36, Р. Исаков атындагы № 31 жана У. Азимов атындагы № 43 башталгыч мектеби филиал болуп бекитилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар