Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Сентябрь 2024 ж. 11:52
Көрүлдү: 994
Билим берүү жана илим министри Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы эң алыскы А.Айымбетов орто мектебинин 1-класстын окуучуларына сабак өттү.
Министр тоолуу аймактын окуучуларына сабактын мыкты усулдук элементтери менен сабак өттү.
Ошондой эле мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, район акими жана айыл өкмөттөрү менен жолугушуп, мугалимдерге сабакты түшүндүрүү боюнча өзгөчө элементтерин көрсөтүп берип, "Алтын Казык” программасы менен тааныштырды.
А.Айымбетов мектеби 2013-жылы өрттөнүп, ордуна жаңы заманбап үлгүдөгү билим уясы курулган.