Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Сентябрь 2024 ж. 10:12
Көрүлдү: 258
Билим берүү жана илим министрлиги Зардалы айылындагы мектептеги абал боюнча Баткен районунун билим берүү башчысы Олжобай Мажилимовдун маалыматынын негизинде төмөндөгүлөрдү билдирет.
Туруктуу айылда 10 түтүн калк жашайт. 2024-2025-окуу жылында 2-класста био куучу, 3-класста – 3 окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош.
Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди.
Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат.
Айылда зым өткөрүүчү электр энергиясы жок болгондуктан интернет байланыш туташтырылган эмес. Айыл өкмөтү орноткон зымсыз интернет байланышы үчүн жабдыкты оңдоп түзөө маселеси бар.
Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында билимдерин улантышат.