Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Сентябрь 2024 ж. 10:08
Көрүлдү: 244
Ош билим берүү институтунда "Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө" мыйзамынынын кабыл алындыгынын 35 жылдыгына карата 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү белгиленип, атайын жумалыктын алкагында бир топ иш-чаралар өтүүдө.
Институт тарабынан мугалимдер үчүн түрдүү кароо-сынактар, көргөзмөлөр уюштурулуп, ага Ош облусунун райондорунан кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсуна келген мугалимдер жигердүү катышууда. Анда мугалимдер мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн маданий иш-чаралар, түрдүү долбоорлор, санарип технологиялар менен жайылтуунун түрдүү ыкчамаларын көрсөтүшүүдө.
Жумалыктын жыйынтыгында курс угуучуларынын арасында өткөн сынактарда алдыңкы орунду ээлегендер институттун грамоталары менен сыйланмакчы.