Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
24 Сентябрь 2024 ж. 15:45
Көрүлдү: 984
Бүгүн, 24-сентябрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Баткен облустук “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.
Өсүп келе жаткан жаш муундун патриоттук сезимин ойготуп, Ата мекенин сүйүүгө, мекенчилдик сезимин ойготууга жана өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Шадыбеков Абылмажин, Шарапов Алмазбек, Султанов Мирланбек, Эшанкулов Жайлообай сыйланды.
Эскерте кетсек, Баткен коогалаңында мекен үчүн күжүрмөн кызмат өтөгөн жогорудагы аскер кызматкерлеринин демилгеси менен Баткен жана Ош облустарындагы бир нече мектептерде 11-класстар үчүн аскерге чейинки даярдык кабинеттери ачылган.