Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Сентябрь 2024 ж. 17:49
Көрүлдү: 238
Эртең, 24-сентябрда, информатика сабагы боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларга арналган “Чемпиондордун кечеси» өтөт.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, окуучуларга жана алардын мугалимдерине сыйлык тапшырат.
Окуучулардын тренерлери Артём Беляев менен Кылычбек Урайымов “Кыргыз Республикасынын олимпиададагы ийгиликтери” аталышындагы баяндамаларын жасайт.
Эске салсак, 1-8-сентябрда Египеттин Александрия шаарында өткөн информатика боюнча XXXVI эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, бир коло медаль жана Ардак грамота менен сыйланышкан.
Алар: “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу - Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев.
92 өлкөнүн окуучулары ат салышкан сынакта Кыргызстан 27-орунга чыккан.
Башталышы: 17:00до (16:30 каттоо)
Өтүүчү жер: Бишкек шаары, «Jannat Regency» отели (Аалы Токомбаева 21/2)
Аккредитациядан өтүү үчүн 0554 44 55 66 Гүлмира Үметалиевага кайрылыңыз.