МИНИСТР ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2024 ж. 19:07

Көрүлдү: 287

Бүгүн, 19-сентябрда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Министрдин кабылдамасында жарандар окуу китептери, сыйлык тапшыруунун жол-жоболору, мыйзамсыз жумуштан бошотуу сыяктуу маселелер менен кайрылышты.

Министр кайрылуу жана даттануулар боюнча тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берип, мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар