МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2024 ж. 18:23

Көрүлдү: 276

19-сентябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин (Foreign, Commonwealth and Development Office) программасынын негизги багыттары, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар актуалдуу темаларды, анын ичинде окуу китептерин басып чыгаруу жана британ университеттеринин дипломдорун таануу маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн билим берүү тармагында кызматташууну улантуу жана байланыштарды чыңдоо ниети айтылды.

Эскерте кетсек, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мектептерине англис тилде окуу китептерин басып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар