«PEACENEXSUS» ФОНДУ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2024 ж. 17:41

Көрүлдү: 307

18-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева швейцариялык «PeaceNexsus» фондунун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда эки тарап “Кыргыз Республикасындагы 12 жылдык мектепке өтүү процесстерине “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк концепциясын киргизүү” демилгесин талкуулап, өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. 

Меморандумда педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруу иштери, башталгыч кесиптик билим берүү системасы, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу-методикалык комплекстер, окуу китептери боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу каралган.
 
Бул Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында “Кыргыз жараны” мамлекеттик концепциясынын алкагында жарандык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда кызматташуу жана өз ара колдоо максатын көздөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар