МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ «ӨЗ МЕКТЕБИҢДИ КОЛДО!» ДЕГЕН ЧАКЫРЫККА ЖООП БЕРЕ АЛЫШАТ!

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

19 Сентябрь 2024 ж. 16:40

Көрүлдү: 394

30-сентябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “2023-2024-окуу жылындагы мыкты мектеп” тандоосунун катышуучулары сыйланат.

post.title

Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти тандоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафону өткөрүлөт.

Быйыл мыкты мектепти тандоого 122 окуу жай катышып, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Т. Мойдунов атындагы жалпы билим берүү уюму алдыга чыккан.
Тандоо мыкты мектептердин алдыңкы тажрыйбаларын, билим берүү жана башкаруу ыкмаларынын үлгүлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.

Билим берүүнүн өнүгүшүнө кызыкдар жана алар окуган мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну каалаган жарандар “Өз мектебиңди колдо!” билим берүү марафонунун челленджине катыша алышат. 

Эгер сиз өз мектебиңизди колдогуңуз келсе, анда фото же видеолорду социалдык тармактарда #myktymektep2024 же #myktymektep2024, #өзмектебиңдиколдо хештеги менен бөлүшүңүз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар