МИНИСТР ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ОРУС-КЫРГЫЗ КОНСОРЦИУМУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2024 ж. 13:55

Көрүлдү: 287

19-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева техникалык университеттердин орус-кыргыз консорциумунун өкүлдөрү менен илимий жана билим берүү тармагындагы интеграциялык иштерди, экономика үчүн техникалык адистерди даярдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева эмгек рыногунда инженерлерге болгон суроо-талапты жана техникалык адистиктер боюнча бюджеттик негизде окутууга квота көбөйгөнүн белгилеп, эки өлкөнүн эмгек рыногу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.


Техникалык университеттердин орус-кыргыз консорциуму 2013-жылы түзүлгөн. Консорциум Россия Федерациясынын 41 университетин жана Кыргыз Республикасынын 15 университетин бириктирет. Биргелешкен билим берүү программаларынын алкагында 2023-2024-окуу жылында 150дөн ашык россиялык студент Кыргызстандын ЖОЖдорунда, 30дан ашык кыргызстандык Россиядагы өнөктөш ЖОЖдордо билим алган.

Белгилей кетсек, 19-21-сентябрда Ысык-Көл облусунда Техникалык университеттердин орус-кыргыз консорциумунун XII жалпы жыйыны өтүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар